Талкалап кеткен көз айнекти оңдоп жатышат

Талкалап кеткен көз айнекти оңдоп жатышат
20-Сен. 2017, Шаршемби, 10:18

Бишкек шаарындагы жаштар аллеясына орнотулган чоң көлөмдөгү көз айнекти белгисиз адамдар сындырып кетишкендиктен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калыбына келтирүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызматкерлери учурда талкаланган көз айнекти жана анын айланасын оңдоп-түзөөдөн өтөрүп жатышат.

Ал эми Лелин районунун администрациясы укук коргоо органдары менен биргеликте көз айнекти талкалаган жаранды издеп жатышат.

Эске салсак, кечээ, 18-сентябрда белгисиз адамдар көз айнекти сындырып, талкалап кетишкен. Соцтүйүндүн колдонуучулары болсо белгисиз бейбаштардын мындай жоругун вандализм деп сыпатташкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!