Кылычбек Мундузов жумуш менен камсыз болот

20-Сен. 2017, Шаршемби, 10:59

Экинчи топтогу майып Кылычбек Мундузов иш менен камсыз болот. Бул тууралууу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова Ысык-Ата районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгында анын үй-бүлөсү менен жолугушкан учурунда билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

«Менин 4 балам бар. Өзүмдүн жеке турак жайым жок. Ата-энемдин үйүндө турам. Алар мага үй-бүлөмө жардам берип турушат. Атам дагы оорусуна байланыштуу 2 группадагы майып. Майыптыгы боюнча пенсия алат, бирок алган пенсиясы эч нерсеге жетпейт. Ал бардык чыгашаларды жабууга жетиштүү эмес»,-дейт К.Мундузов.

Кылычбек Мундузов министр менен болгон маектешүүнүн жүрүшүндө улуу баласынын ар дайым буттары ооруп жүрө турганын кошумчалады. Дарыгерлер остеопороз менен жабыркарын айтышкан. Министр тезинен дарыгердик-социалдык эксперттик комиссия түзүп баланы текшерүүдөн өткөрүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары министр Исакунова Мундузовдун балдарына окуу куралдарын тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!