Министрлик 81 жаңы китептин бет ачаарын өткөрдү

22-Сен. 2017, Жума, 09:30

Билим берүү жана илим министрлигинде бала бакчалар, мектептер жана жогорку окуу жайлар үчүн 81 жаңы кыргыз тилиндеги окуу китептеринин бет ачаары өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

81 аталыштагы окуу китептеринин жалпы саны 84 миң 995 нусканы түзүп, өлкөнүн билим берүү мекемелерине таратылган.

«Китептер бала бакчаларга "Манас алиппе", "Табышмактар", "Тамгалар ырдайт" жана дагы 4 китеп 12 миң 350 нускада жиберилгени маалым болду. Ал эми мектептерге "Менин жерим Кыргызстан", "Улуу мурас урпактарга", "Математикалык машыгуу", "Кыргыз адабияты" сыяктуу 42 окуу китеби 44 миң 340 нускада таратылса, 45 университетке 32 китеп 28 миң 305 нускада берилген”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чара 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!