Таштанды толуп, үйү сасып кеткен

22-Сен. 2017, Жума, 12:57

Бишкек шаарындагы үйлөрдин бирине толуп кеткен таштандылар чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Манас кең көчөсүндөгү №41 үйдүн 133-батиринде жашаган пенсия жашындагы кемпирдин бир бөлмөлүү үйүнүн ичинен таштандылар чыгарылган.

“Батирдеги таштандыны чыгарууга ӨКМнын 6 куткаруучусу тартылган. Бирок, бөлмөнүн ичи сасып, дем алууга мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу куткаруучулар таштандыны чыгарууда противогаз кийүүгө аргасыз болушкан. Үй ичин тазалоо иштери бүгүн улантылат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!