​Көлөмдүү көз айнекти калыбына келтиришти

22-Сен. 2017, Жума, 15:10

Бишкек шаарындагы жаштар аллеясына орнотулган чоң көлөмдөгү көз айнекти белгисиз адамдар сындырып кетишкендиктен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калыбына келтиришти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызматкерлери талкаланган көз айнекти 19-сентябрда калыбына келтиришкен. Кийин 3 күн өткөндөн кийин көз айнекти кайрадан талкалашкан. Бүгүн 22-сентябрда кызматкерлер кайрадан калыбына келтиришти.

Учурда Ленин районунун администрациясы укук коргоо органдары менен биргеликте көз айнекти талкалаган жарандарды издеп жатышат.

Эске салсак, 18-сентябрда жана 21-сентябрда белгисиз адамдар көз айнекти сындырып, талкалап кетишкен. Белгисиз бейбаштардын мындай жоругун мэрия вандализм деп сыпаттаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!