Алтымышка жакын бодо мал уурдашкан

26-Сен. 2017, Шейшемби, 12:32

Жалал-Абад облусунда 59 баш бодо мал уурдап, 2 млн сомго жакын чыгым келтирген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын жай айларында жогоруда аталган облустун Кара-Көл, Токтогул, Ноокен жана Сузак райондорунда жайгашкан жайлоолордо бош жүргөн малдарын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып кеткендиги тууралуу жергиликтүү тургундар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылышкан.

“Жабырлануучулардын арызында жалпысынан 59 бодо мал уурдалганын маалым болгон. Натыйжада келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллион 780 миң сомду түзгөн. ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Алай районунун 44 жаштагы С.Т., Ж.К. жана 33 жаштагы Т.Б. аттуу тургундары кармалышкан”,- деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “мал уурдоо” беренсинин негизинде кылмыш иштери козголуп, башка дагы кылмыш иштерине тийешеси бардыгы такталууда. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!