Койчу ээсинин малын сатып жиберди

26-Сен. 2017, Шейшемби, 14:10

Таласта койчусу ээсинин малын жашыруун сатып жүргөн. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылынын А.А. аттуу жашоочусу милицияга кайрылып, анын тоодогу мал сарайынан 3 баш козулары жана 1 баш жылкысы белгисиз себептер менен биринин артынан бири жок болуп кеткендигин билдирген. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн Бакай-Ата РИИБнин кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, шектүүнү кармашкан. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 28 жаштагы А. М. аттуу тургуну болуп чыккан.

Ал жабырлануучунун сарайында 2016-жылдан бери акыга мал багып, жашап келген. Ушул жылдын июнь айынан бери баш аягы менен 3 баш козусун жана 1 баш жылкысын улам акча керек убакта билгизбей сатып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты боюнча Бакай-Ата РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!