Кыргыз-кытай чек арасында зилзала болду

27-Сен. 2017, Шаршемби, 11:40

Кыргыз-Кытай чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология Институтунун берген маалыматына ылайык, 26-сентябрь күнү саат 17:23 чамасында Эркеч-Там айылынан түндүккө карай 4 чакырым, Көк-Суу айылынан чыгышка карай 13 чакырым алыстыкта жер силкинүү очогу жайгашкан. Анын очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, Эркеч-Там, Нура, Көк-Суу айылдарында 3,5 балл сезилген.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!