Ысык-Көлдүн тургуну баңгизат менен кармалды

28-Сен. 2017, Бейшемби, 11:21

Ысык-Көл облусунун жашоочусу ири көлөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү ИИМдин кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысын аныктоо максатында иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылынын күн батыш-түндүк тарабында жайгашкан талаадан 48 жаштагы И.Б. аттуу жегиликтүү тургун кармалып, жанынан өзгөчө жыты бар шектүү зат табылган.

Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында жалпы салмагы 7 килограмм 450 граммды түзгөн кара куурай баңгизаты болуп чыккан.

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!