МКК: унааңызды өз атыңызга каттаңыз

29-Сен. 2017, Жума, 12:18

Мамлекеттик каттоо кызматы бардык айдоочуларды автоунааны өз атына каттоого чакырат.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, ишеним каты бар жарандар автоунааны кайра каттоо боюнча көп кайрылууда. Каттоо учурунда унаалар издөөдө, күрөөгө коюлган же камакта экенин белгилүү болууда.

Ага ылайык, акыркы кездери ишеним каты бар жарандар автоунааны кайра каттоо боюнча көп кайрылып бир катар көйгөйлөргө туш болууда. Көпчүлүк учурда мындай машиналар камакта, издөөдө же күрөөгө коюлган болуп чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!