“Кошой” кант заводу кайрадан иштей баштады

29-Сен. 2017, Жума, 16:03

13 жылдан бери токтоп турган Чүй облусундагы “Кошой” кант заводу ишке кирди.

Өкмөттөн билдиришкендей, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 4 пайыз үстөгү менен 10 миллион доллар берилип, өндүрүш толугу менен жаңы жабдуулар менен камсыз болду.

Эми завод күнүнө 3 миң тонна кант кызылчасын иштетип, 450 тоннага чейин кум шекер чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.

Быйыл дыйкандар өткөн жылга салыштырмалуу 6 жарым миң гектарга көп кызылча эгишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!