Кар көчкүдөн Жалал-Абад-Казарман жолу жабылды

29-Сен. 2017, Жума, 16:20

Жалал-Абад-Казарман унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматты боюнча бүгүн, 29-сентябрда саат 08:00 чамасында Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 42-50-чакырымына кар көчкүсү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Аталган жолду ачуу үчүн №31-жол тейлөө ишканасынан бир бирдик авто жүктөгүч тартылган. Азыркы тапта жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 30-сентябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16 жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

30-сентябрда жана 1-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлеринде -1…-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!