Баласын дааратканага таштап кеткен эне кармалды

29-Сен. 2017, Жума, 16:44

Бишкекте жаңы төрөгөн баласын дааратканага таштап кеткен эне кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип, Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда убактылуу жашаган, Нарын облусунда 1995-жылы туулган Б.Ж. аттуу келин кармалды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-100-беренелери менен кылмыш иши козголгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 31-июлда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркай кызды үйдүн ээси жана кошуналар алып чыгып, доктурларга өткөрүп беришкен. Наристе Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын салмагы 3 кг 396 грамм болгону менен абалы оор экендиги кабарланган. Кийин бул ымыркайга №3 балдар ооруканасынын дарыгерлери тарабынан Даткайым деген ат берилген. Учурда ал балдар үйүндө тарбияланып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!