Жеңил унаа эки аялды сүзүп кетти

29-Сен. 2017, Жума, 16:58

Чолпон-Ата шаарында жеңил унаа эки аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында Каракол-Балыкчы унаа жолунун 135-чакырымында Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа жол четинде бараткан эки аялды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, жабыркаган 2 аял "тез жардам" кызматы менен Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!