Ырчы Гүлбүбү Ороскул кызы каза болду

6-Окт. 2017, Жума, 16:28

Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы “Достор” тобунун солисткасы, КТРКнын “Сармерден” көрсөтүүсүнун алып баруучусу Гүлбүбү Ороскул кызы каза болду. Бул туурасында маркумдун жакындары тастыкташты.

Азырынча Гүлбүбү Ороскул кызынын эмнеден каза болгону туурасында маалымат айтыла элек.

Гүлбүбү Ороскул кызы белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурунку жубайы. Эки кыздын энеси. Көп жылдан бери чыгармачылыктын үстүндө эмгектенип келет.

Zaman.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты ырчынын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!