УКМК: Активист Мелис Аспеков кармалды

10-Окт. 2017, Шейшемби, 12:03

Өлкөдө башаламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен «Мекенчил» саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мелис Аспеков бир топтун кызыкчылыгы үчүн өлкөдө президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бийликти күч менен басып алууга жана башаламандык уюштурууга аракет жасаган деген шек менен кармалды.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы 9-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси (массалык баш аламандыкка даярдануу) жана 195-беренеси (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен кылмыш иш козгоду.

Аспеков ошол эле күнү кечинде үйүнөн кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!