Аида Салянова беш жылга эркинен ажыратылды

10-Окт. 2017, Шейшемби, 15:39

Ленин райондук соту Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратууга өкүм кылды. Мындай өкүмдү бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарды.

Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын эки жаштагы кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөйт.

Жараянга Кубанычбек Касымбеков судьялык кылды.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 26-декабрда Башкы прокуратура Аида Саляновага карата кылмыш иш козгогон. Ал Юстиция министри болуп турганда издөөдө жүргөн жактоочу Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узарткандыгы үчүн айып тагылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!