Ишкананын котормочусун издөө кайрадан жанданды

12-Окт. 2017, Бейшемби, 10:36

Чаткал районунун Курулуш айылында дарыяга түшүп кеткен алтын кен казган “Концлер Аурум” ишканасынын котормочусун кайрадан издөө иштери жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-июлда 1980-жылы туулган Я.Юбуров Чаткал дарыясына түшүп кеткен. Аны издөө иштери кайрадан 11-октябрда ӨКМнын №81-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүлүп, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!