Иманалиева: "Апам тууралуу жалган маалымат таратышкан” 

12-Окт. 2017, Бейшемби, 16:28

Жакында эле кыргыз маданияты чоң жоготууга учурап, белгилүү ырчы, “Сармерден” теледолбоорунун алып баруучусу Гүлбүбү Ороскул кызы менен коштошконбуз.

"Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары апам Гүлбүбү Ороскул кызынын эмне себептен каза болгонун чын-бышыгын билишпей эле жалган маалыматтарды таратышкан",-деп билдирди Гүлбүбү Ороскул кызынын кызы Айзуура Иманалиева өзүнүн соцтүйүндөгү баракчасына.

Айзуура Иманалиеванын жазган пикири:

“Айтпай турган сѳз эле! Ошентип, мамамды жерге бердик. Баш-учубузду таппай жүрүп, эми гана айрым «бузук телефон» ЖМК сѳрѳйлѳр ар кандай сѳздѳрдү (кайдан алышканын билбейм) таратып жатканы менен таанышып, анан бул маалыматты жазып коюуну туура кѳрдүм:

1. «Гүлбу ууланып ѳлүптүр, бир ѳчѳшкѳн кишиси уу бериптир, тойдон бирѳѳ ууландырып коюптур» деген сѳздѳрдү чыгарып, таратып, дѳѳрүп жаткандар! Мамамдын ички кан тамыры жарылып кетип каза болду. Кудай – берүүчү дагы, алуучу дагы экен. Эртен силерди дагы жараткан кудай – силерди дагы алып кетет, ар кандай кырдаалда.

2. «Гүлбү каза болгондо жалгыз экен, бирѳѳ ууландырып койсо кыздары жанында жок экен»,- деп, кайдагы-жайдагы сѳздѳрдү таратып жаткандар! Тилекке каршы, мамам биздин колубуздан узады. Тилекке каршы, биз менен коштошуп анан ѳтүп кетти.

3. Эгер бирѳѳ ууландырып койгону чын болсо, же баштан-аяк жанында болбогонубузда, киши колдуу болгонунан күмѳнүбүз болгондо, биз тынч отуруп калмак эмеспиз. Кайрылуу:

1. Замандаштар! Ансыз да кара кийип, кан жутуп отурган маалыбызда мамам тууралуу оюңарга келген сѳздѳрдү оттой бербегиле! Арбакты сыйлагыла!
2. Бардык ЖМК ѳкүлдѳрү! Эгер бейиши болгур, Гүлбү Ороскул кызы тууралуу маалымат таркаткыңар келсе, бизден бир ооз тактап коюңуздар. Ушул темага карата бул менин акыркы комментарийим болсун! Мындан ары ким жазбасын, Жоопсуз калбайт!”,-деп жазды Айзуура Иманалиева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!