Улуттук госпиталды оңдоо иштери соңуна чыкты

Улуттук госпиталды оңдоо иштери соңуна чыкты
13-Окт. 2017, Жума, 11:05

Бишкектеги Улуттук госпиталды оңдоп-түзөө иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Госпиталдын 3 ири бөлүмү №1 нейрохирургия бөлүмү жана нейрохирургиялык патология, анестезиология жана реанимация бөлүмү оңдолду.

Имарат толугу менен жаңыланып, канализация, жылуулук, түйүндөрү алмаштырылган. Ошондой эле эшик, терезелери жаңыланып, дубал жана полу кафел менен төшөлдү.

Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы медициналык жабдуулар менен камсыз кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!