​Бишкектин көркүн ачкан жаңы аттракцион (фоторепортаж)

​Бишкектин көркүн ачкан жаңы аттракцион (фоторепортаж)
13-Окт. 2017, Жума, 11:29

Бишкектеги борбордук шаардык И.Панфилов атындагы паркка жаңы аттракцион орнотулуп, анын расмий ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аттракциондун бийиктиги 50 метрди түзөт. Анын ачылышына вицэ-мэр Айгүл Рыскулова, парктын администрациясы, Бишкек шаарынын маданият башкармалыгы жана шаар тургундары катышты.

Карусель 16 кабинкадан турат. Анын сегизи жарым жартылай ачык, сегизи толугу менен айнек менен капталган. Ичинде жылуулук, түнкүсүн шам чырактар күйүп турмакчы.

Белгилей кетсек, жаңы курулган аттракциондун ордундагы карусель былтыр алынып салынган. Анын бийиктиги 27 метр болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!