Көкүрөк рагын аныктоо боюнча ачык эшик күнү болот

13-Окт. 2017, Жума, 11:50

Бишкектеги Маммологиялык борбордо жана Улуттук онкология борборунда аялдар көкүрөк рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-21-октябрга чейин саат 09:00дөн 14:00гө чейин каалоочулар үчүн эшик ачык.

Иш-чараны Маммологиялык борбор «Маммология» коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.

Ачык эшиктер күнүндө айымдар эмчек рагын алдын алуу, өз алдынча текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу маалымат ала алышмакчы.

Белгилей кетсек, 21-октябрда дүйнөдө көкүрөк рагы тууралуу кабардар болуунун күнү белгиленет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!