Жалал-Абад жана Наманган шаарлары кызматташат

Жалал-Абад жана Наманган шаарлары кызматташат
13-Окт. 2017, Жума, 12:08

Жалал-Абад шаары менен Өзбекстандын Наманган калаасы мындан ары өз ара туугандык, достук, кызматташтык байланыштарын чыңдай беришмекчи.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы жакында Ташкент шаарына расмий иш-сапары менен барганында Жалал-Абад жана Наманган шаарларынын жетекчилери атайын меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов билдирди.

Анын айтымында, аталган шаарлар өз ара достук байланыштарын, туризмди, соода алакаларын чогуу өркүндөтүп, эл чарбасынын түрдүү тармактарында тажрыйба алмашуу, биргелешкен ишканаларды түзүү жана иштетүү жагын колго алышат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаары Кыргызстанда ар тараптуу потенциалы бар үчүнчү шаар болуп эсептелинет. Ал эми Наманган калаасы Фергана өрөөнүндө орун алган Наманган областынын борбору. Калкынын саны боюнча Ташкенттен кийинки ири шаарлардын катарында. Ошондой эле Жалал-Абад областы менен чектеш жайгашкан. Калкынын саны 2017-жылдын 1-апрелине карата 591,8 миң кишини түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!