​Алтымыш жылдан бери сакталган мумия жерге берилет

​Алтымыш жылдан бери сакталган мумия жерге берилет
13-Окт. 2017, Жума, 12:30

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде сакталган мумия жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-октябрь күнү ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өткөн. Анын жүрүшүндө көп жылдан бери сакталган мумияны жерге берүү чечими чыкты.

Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков тарых музейде сакталган мумия 60 жылдан бери турганын айтты.

«Көп жылдан бери сакталып турган мумияга бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу себеп болду. Мындан улам мумияны жерге берүү маселеси көтөрүлдү”, -деп айтылат маалыматта.

Мумия көмүлгөнү менен кийин окумуштуулар иликтөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Азырынча мумия жерге бериле турган күн айтыла элек.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!