Дарыгер: “Чоң-Капкадагы" жарандардын абалы көзөмөлдө

13-Окт. 2017, Жума, 12:42

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде казак тарапка өтүү үчүн кезек күтүп турган жарандарын арасында биринчи медициналык жардам муктаждыгы жаралса аларга тиешелүү жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Манас районунун Покровка айылындагы оорукананын ички органдар боюнча хирургу Азамат Насыпбек уулу «Zaman.kg» маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган өткөрмө бекетте 11-октябрдан бери Талас облусунун Манас районунун Покровка айылындагы оорукананын кызматкерлери өз ишин алып барууда.

“Таласта кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде кезек күтүп турган жарандардын арасында өзүн ыңгайсыз сезген жарандарыбыз болсо, биздин кызматкерлерге түз кайрылса болот. Аларга биздин кызматкерлер биринчи медициналык жардам беришет. Учурда мен да ал жактан келдим. Азыр ал жерде биздин бир врач, бир фельдшерибиз жана бир тез жардам кызматы өз кызматын кылышууда. Ал эми кыргызстандык жарандар жана унаалар чек арадан казак тарапка өтүп жатат. Бирок, жүргүнчүлөр чек арадан бат өткөнү менен жүк ташыган унаалар бир аз жай болуп жатат. Мындан улам чек арада жүк ташыган унаалар көп болууда”,- дейт Насыпбек уулу.

Белгилей кетсек, 10-октябрда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктарында казак чек арачылары транспорттун жана адамдардын өтүүсүн күчөтүлгөн тартипте текшере баштаган. Анын айынан өткөрмө бекеттерде адамдар жана унаалар топтолуп калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!