Өкмөт чек арадагы абал калыбына келерине ишенет

13-Окт. 2017, Жума, 12:51

Өкмөт казак бийлигинин “премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен чек араны ачуу тууралуу сүйлөшкөн эмес” деген билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берди.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүусүнө ылайык, Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчаларда премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен чек ара өткөрүү пунктундагы абал боюнча сүйлөштү деген маалымат чыккан. Бирок толук кандуу эки тараптуу сүйлөшүү өткөндүгү тууралуу сөз болгон эмес.

Баарлашуу маалында Нурсултан Назарбаев маселени түшүнүү менен кабыл алып, аны чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берерин билдирген.

Буга байланыштуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин башка катышуучуларынын алдында тар чөйрөдө өткөн жолугушуусунда премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын президентине маселени ыкчам чечкендиги үчүн ыраазычылык билдирген. Ага жооп кылып Нурсултан Назарбаев кыргыз элине колдоо көрсөтүүгө жана эки тараптуу мамиленин бекемделишине кызыкдар экенин баса белгилеген.

Аталган факты боюнча коомчулукка маалымдаган учурда премьер-министр Казакстандын лидери менен болгон маектин мазмунун айтып, чек арадагы маселени тезирээк чечүүнү казак тарап түшүнүү менен кабыл алганын билдирген.

Кыргыз өкмөтү казак тарап кыска убакыт аралыгында өздөрүнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы пландык чек ара операцияларын аяктап, ал жактагы иш ыргагы мурдагы калыбында уланарына ишеним артарын билдирет.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын Казакстанга өтүшү кыйындаган. Ушул тапта кабарлангандай, “Кордай” бекети аркылуу өткөн жарандардын жана унаалардын өтүшү жеңилдеп калганы кабарланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!