Үч жүз миң сомун алдап, алып кеткен

13-Окт. 2017, Жума, 13:49

Бишкек шаарынын тургунун үч жүз миң сомго чукул сомун алдап, алып кеткен 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына борбор кааланын тургуну арыз менен кайрылып, июль айында "Адилет" аттуу жаран арыздануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, жалпы суммасы 292 миң 400 сом акчасын алып, ордуна "Тойота-Камри" үлгүсүндөгү автоунаасын беремин деп кеткен бойдон ушул күнгө чейин берген эместигин айткан.

"Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 29 жаштагы Б.А. аттуу борбор калаанын жашоочусу кармалган. Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилген. Тергөө учурунда мындан башка дагы кылмыш ишине тиешеси бардыгы аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!