“Түндүк электр” окуучуларга эскертүү берди

13-Окт. 2017, Жума, 13:52

“Түндүк электр” ишканасы орто мектептердеги башталгыч класстын окуучуларына электр травмаларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

“Түндүк электр” ишканасынын чыгыш райондук электр тармактарынын жетекчисинин орун басары Эрмек Султанмуратов ишенимдүүлүк жана коопсуздук жосундар кызматынын жетектөөчү инженери Асель Момукеева менен биргеликте Бишкек шаарындагы № 14 орто мектептин башталгыч класстагы окуучуларына электр тогу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында окуучуларга электр тогуна урунуп, эки колунан ажыраган Асылбек Самат уулунун учурдагы жашоосу тууралуу видеороликтер тартууланып, электр приборлору менен колдонуунун негизги эрежелери, электр чубалгыларынын тирөөчтөрүнүн жана башка электр жабдууларынын жанында ойноо кооптуу экенин видео ролик аркылуу түшүндүрүп беришти.

Ушул сыяктуу жолугушуу борбор калаадагы №19 орто мектепте да өтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!