Жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

13-Окт. 2017, Жума, 16:06

Бүгүн, 13-октябрда Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагындагы Базар-Коргон – Арстанбап автожолунун 28-чакырымындагы Чкалов айылында жаңыдан курулуп бүткөрүлгөн көпүрө жергиликтүү элдин катышуусу менен салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

1999-жылы элдик ашар ыкмасы менен бүткөрүлгөн эски көпүрө быйылкы жылдын жаз айларындагы Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун көлөмүнүн кескин көбөйүүсүнөн улам, Чкалов айылына өтүүчү көпүрөнүн таяныч тирөөчтөрү 50-60 см. чейин жерге олтуруп, автотранспорт каражаттары өтө албай турган абалга келип калган болучу.

Көпүрөнү бир гана Чкалов айылынын эли гана пайдаланбастан Могол жана Талды-Булак айыл аймактарынын Көк-Тонду, Чарбак, Ооган-Талаа, Кыргоо жана Каба айылдарынын калкы дагы пайдаланып келишкен. Аталган айылдардын жашоочулары бул көпүрө аркылуу өтүшүп, 1000 га. аянтка дыйканчылык иштерин жүргүзүп, чөп чабынды жана мал жайыттарына тынбай катташып турушат.

Быйылкы жылдын 8-августунда жаңы көпүрөнүн курулуш иштери башталып, 8-октябрга көпүрө толугу менен сапаттуу бүткөрүлдү. Жаңы көпүрөнү курууга республикалык бюджеттен 15 млн. 500 миң сом ажыратылып, аны сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы КРнын жол жана транспорт министрлигине караштуу Бишкек – Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясына караштуу Жалал-Абад жол куруу ишканасына жүктөлгөн. Жаңы көпүрөнүн узундугу 32,6 метрди түзүп, туурасы 4,2 метр келип, жүк көтөрүмдүүлүгү 40 тоннаны түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!