Шайлоо: Алдын ала жыйынтыктык чыгарылды

15-Окт. 2017, Жекшемби, 23:23

Алдын ала эсеп боюнча, президенттик шайлоодо өлкө боюнча добуш берген шайлоочулардын саны акыркы эсеп боюнча 55,93 пайызы түздү. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, электрондук эсептер боюнча 11 талапкердин ичинен КСДП партиясы көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков алдыда бара жатат. Тактап айтканда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго шайлоочулардын 118 миң 756 кишиси өз добуш берген. Экинчи орунга 88 миң 867 добуш менен Өмүрбек Бабанов чыкты. Үчүнчү орунга 13 миң 236 добуш менен Темир Сариев, андан кийин 10 миң 654 добуш менен Адахан Мадумаров чыкты.

Добуштар эсептелинип, жыйынтыгы улам жаңыланууда.

Белгилей кетсек, жалпысынан каттоодон 3 млн 2 миң 770 шайлоочу өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР