Унаанын дөңгөлөгү ыргып, бир адамды сүздү

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:02

Бишкек-Ош жолунда унаанын дөңгөлөгү чыгып кетип, айдоочу бир адамды сүздү. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаарында 15-октябры күнү саат 10:13де Бишкек-Ош унаа жолунун 384-чакырымында унаанын дөңгөлөгү чыгып кетип, айдоочу бир адамды сүзгөн. Кырсыктан улам 30 жаштагы жаран башынан жеңил жаракат алган. Жабырлануучуну тез жардам кызматкерлери ооруканага алып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР