​Өзгөчө коркунучтуу жаран изделүүдө

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:05

Россиянын Абдуолимов Шакиржон Толкунбаевич аттуу жараны изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Сирияга, эл аралык террористтик уюм болгон “ИМ”дин катарына кошуу үчүн жарандарды радикалдуу агымдарга кирүүгө активдүү үгүттөп, жөнөтүү менен алектенип жүргөн өзгөчө коркунучтуу Ш.Абдуолимов изделүүдө. Ал 1974-жылы 4-сентябрда Ноокат районунун Иски-Ноокат айылында туулган. Шакиржан орто билимдүү, убактылуу иштебейт, Саха Республикасынын (Якутия) Удачный шаарында Россиянын жараны катары катталган.

Өзгөчө белгилери: бою 170 см, чымыр денелүү, физикалык даярдыгы жакшы (бокс жана оор атлетика менен машыккан), ак жуумал, жайык маңдай, кыска кара чачтуу, сакалы бар (сакалын кырып салышы мүмкүн).

ИИМ Абдуолимовду кайда экендиги тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

0-312- 29-10-27, 0-3222-5-64-29 (Ош ШИИБи);

0-3222-4-63-53, 03230-5-21-02 (Ноокат РИИБи);

0-3222-5-59-10, 5-52-44, 0-312-29-10-12 (Ош ОИИБи);

0-3657-5-04-20 (Кызыл-Кыя РИИБи);

0-3622- 5-01-24, 0312-29-00-70 (Баткен ОИИБи);

0-3722-5-28-31(Жалал-Абад ШИИБи);

0-3722-5-13-46, 7-05-30 Жалал-Абад ОИИБи, андан сырткары, 102 жана 0-312-66-23-31 (КР ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө) кайрылып, кабарласаңыздар болот.

Белгилей кетсек, жашыруундуулукка кепилдик берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!