Аламүдүндө эки жеңил унаа өрттөнүп кетти

17-Окт. 2017, Шейшемби, 11:55

Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында эки жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Маевка айылында «Тойота Калдина» үлгүсүндөгү унаанын салону, жүк салуучу бөлүгү жана «Фиат» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Кырсыктан улам жабыркагандар болгон жок.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР