​Бишкекте №17 каттамдагы троллейбустан өрт чыкты

17-Окт. 2017, Шейшемби, 12:09

Бишкек шаарында №17 каттамдагы троллейбустан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда Бишкек шаарынын Юнусалиев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус күйүп жаткандыгы жөнүндө маалымат өрт өчүрүү кызматына келип түшкөн.

“Өрттү өчүрүүгө саат 09:36да ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Саат 09:49да өрт чектөөгө алынып, саат 10:05де өрт толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок”,-деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кырсыктын себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР