Айымдар үчүн ачык эшик күнү өтүүдө

18-Окт. 2017, Шаршемби, 10:46

Бишкектеги Маммологиялык борбордо жана Улуттук онкология борборунда аялдардын көкүрөк рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүү башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-21-октябрга чейин саат 09:00дөн 14:00гө чейин каалоочулар үчүн эшик ачык.

Иш-чараны Маммологиялык борбор «Маммология» коомдук фонду менен биргеликте уюштурган.

Ачык эшиктер күнүндө айымдар көкүрөк рагын алдын алуу, өз алдынча текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча маалымат алышат.

Белгилей кетсек, 21-октябрда дүйнөдө көкүрөк рагы тууралуу кабардар болуу күнү белгиленет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!