​20 жаш кичүү кыздын алтын сөйкөсүн чечип алган

18-Окт. 2017, Шаршемби, 11:53

Ош шаарындагы туугандарынын үйүнө конокко келген 3 жаштагы кызды коркутуп, кулагындагы алтын сөйкөсүн чечип алган 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-октябрь күнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында ойноп жүргөн 3 жаштагы кызды белгисиз кыз коркутуп, анын кулагындагы сөйкөнү чечип алган. Жабырлануучу кыз окуя боюнча ата-энесине билдирген.

Бул боюнча милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы кызды кармаган. Учурда кармалган жарандын башка окуяларга тиешеси бар жогу такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!