Мыкты студенттер президенттик стипендия алышты

18-Окт. 2017, Шаршемби, 15:13

Бүгүн, 18-октябрда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн бардык аймагынан тандалган 70 студентке президенттик стипендия тапшырды.

Мамлекет башчысы мыкты студенттерди окууда жетишкен ийгиликтери менен куттуктады. Өлкө башчысы студенттерге кең келечек каалап, талбай билимге умтулуу менен алар башка окуучуларга мыкты үлгү экенин белгиледи.

Президенттик стипендия жыл сайын президенттин билим берүү фондунан берилип, таланттуу жаштарга моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп келет. Быйылкы жылы Кыргызстандагы 32 жогорку окуу жайынан президенттик стипендияга 178 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен мыкты делген 70 студент тандалып алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!