​Таласта катуу шамал келтирген чыгым эсептелди

19-Окт. 2017, Бейшемби, 11:20

Талас облусунда болуп өткөн катуу шамал келтирген чыгым эсептелди. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылындагы Р.Осмонов атындагы орто мектебинин директоруну берген маалыматта шамал жогоруда аталган мектептин чатырынын 40 даана шиферин учурган.

Андан сырткары Жийде айылында болуп өткөн катуу шамал Ак-Чий көчөсүндө №8 турак үйдүн чатырынан 12 даана шифер, Токтогул көчөсүндөгү №4 турак үйдүн чатырынан 4 даана шифер учурган. Ошондой эле Кайнар айылынын Керимбай атындагы орто мектебинин чатырынан 4 даана шифер жараксыз болгон.

“ӨКМнин Кара-Буура райондук бөлүмүнүн башчысы жана Ак-Чий айыл аймагынын жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдөө жана түшүндүрүү иш-чараларын өткөрдү. Ошондой эле катуу шамалдын кесепеттерин жоюу, имараттарды калыбына келтирүү иштери Ак-Чий айыл аймагынын башчысына милдеттендирилди”,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, "Гидрометеорология" агенттигинин берген маалыматы боюнча Кара-Буура районунда 18-октябрда саат 02:40тан саат 03:20га чейин ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!