Момбеков: "Мумияны 500 миң долларга алып чыгып кетебиз дегендер болгон"

19-Окт. 2017, Бейшемби, 11:48

Жерге берилген мумияны буга чейин 500 миң долларга чет өлкөгө алып кетебиз дегендер болгон. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Депутат бир жумадан бери мумияны жерге берүү орчундуу маселе болуп жатканын айтты.

«Мунун алдында бир чоң иттин өлүгү бар. Эмне үчүн 60 жылдан бери Тарых музейинде жаткан мумияны академиктер ачылыш кылып, изилдеген эмес? Анан ал чирип, жок болуп жаткан сөөктү жерге бергенде гана ызы-чуу салып чыгышты. Мумияны буга чейин 500 миң долларга чет өлкөгө алып чыгып кетебиз дегендер болгон. Иттин өлүгү ушул жерде жатат»,- деди Момбеков.

Белгилей кетсек, жарым кылымдан ашык убакыттан бери борбор калаадагы тарых музейинде сакталып турган мумия 14-октябрь күнү Баткен облусунун аймагында кайрадан жерге көмүлгөн.

Окумуштуулар мумияны 4-5-кылымдарга таандык деп айтышкан.

Коомчулукта, тарыхчылардын арасында мумиянын жерге берилиши тууралуу кескин сындар айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!