​Өзгөчө белек жасап өзгөлөрдү сүйүнткөн айым

19-Окт. 2017, Бейшемби, 13:11

Мекендешибиз Салкынай Акматова учурда үй-бүлөсү менен Москвада турат. Бир жылдан ашуун убакыттан бери үйдө отуруп эле кадимки жаздыка, чачыка сүрөт, каалоо-тилектерди түшүрүү менен алектенет. Учурда мындай өзгөчө белектерге суроо талап көп болгондуктан өзү менен бирге эки жардамчы алган. Каарманыбыз бул идеянын жаралышы кандай болгонун "Zaman.kg" маалымат агенттигине айтып берди.

- Өзгөчө белектерди жасоо идеясы үйдө бош отургандыктан келип чыкты. Өзүмдү алаксытуу үчүн жаздыка сүрөттөрдү, калоо-тилектерди түшүрө баштадым. Акырындык менен жасаган эмгектериме кызыккандар көбөйгөндүктөн тапшырык ала баштадым. Жалгыз жетишпегендиктен жаныма дагы 2 жардамчы алдым. Учурда белектерди жасаганыбызга 1,5 жылдын жүзү болду. Ал эми үй-бүлөм менен Москвада жашаганыбызга 7 жылдай болду. Жолдошум фотограф болуп иштейт.

- Мен сыяктуу кол өнөрчүлүк менен алектенгендерди көрүп “жумушумдан ырахат алам” деп айткандарга, кантип ырахат алат эртеден кечке бир орунда жылбай иштесе дей берээр элем. Көрсө адам баарына көнүп, кызыккан иши болсо бош отурганга деле чолоң болбойт экен. Кардарлар жасаган белектерди алышканда ыраазычылык билдирип, кубанганын көргөндө менде башкача сезим болот. Себеби элге жылмаюу тартуулоо өзүнчө айтып бергис нерсе экен.

Оригиналдуу белектерге кимдер гана кызыкпайт. Бишкектен дагы сурагандар, тапшырык бергендер бар. Бирок, белекти өз дарегине жеткирүүгө ишкердин чамасы жетпейт.

-Учурда тапшырык бергендердин саны арбын. Бишкектен сурагандар көп. Бирок, ал жакка жеткирүү көп убакытты талап кылат. Биз бир гана почта аркылуу жөнөтө алабыз. Ошондуктан Россиянын бардык шаарларынан почта аркылуу буйрутма алуудабыз. Көбүнчө улуу муундагы эжелер, агалар кызыгып, туулган күндөргө сатып алышууда. Арасында жаштар да бар.

Кол өнөрчүлүктүн көзүн билген каарманыбыз, азыр рынок шартында кол куушуруп үйдө отуруп калган болбойт деген пикирде.

-Адам канчалык кыймылда болуп мээнет кылса, анын акыбети сөзсүз кайтат. Айымдар үйдө балдар менен отурам дебестен өздөрүнүн жөндөмүнө, шыгына жараша аракет кылып, изденсе баарына жетишүүгө болот.

Салкынай Акматова үй-бүлөсү менен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!