Курулуш компаниялары текшерилди

19-Окт. 2017, Бейшемби, 16:01

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын инспекторлору тарабынан “Памир Строй”, “Глав строй”, “Озтопрак”, “Кыргыз Каганат”, “Ромфорд Трейд”, “Бишкек курулуш”, “Бабек ЛТД” “Авангард Стиль” курулуш ишканалары текшерилди. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан Чыңгыз Абдымалик уулу билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары борбор калаада көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу активдүү жүрүүдө. Ага ылайык, курулуш тармагы көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылат. Курулуш нормаларын аткарылышы боюнча Мамэкотехинспекциянын архитектура жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан курулуштарда текшерүү иштери ар убак жүргүзүлүп турат.

"Техникалык коопсуздук талаптарын камсыздоо максатында Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан “Памир Строй”, “Глав строй”, “Озтопрак”, “Кыргыз Каганат”, “Ромфорд Трейд”, “Бишкеккурулуш”, “Бабек ЛТД” “Авангард Стиль” курулуш ишканалары текшерилди. Бардык курулуш объектилеринде жеке коргонуу каражаттары жана инженер-техник адистеринин атайын коргоочу кийимдеринин болушу текшерилди. Техникалык коопсуздук талаптарына ылайык курулуштун тегерек чети тосулуп, атайын каражаттар менен жабылган. 6 метр бийиктикте курулуш иштерин жүргүзүүдө жумушчулар атайын курлар, кийимдер менен камсыздалган",-деди ал.

Маалыматка караганда текшерүүнүн жүрүшүндө бардык курулуш ишканаларынын объектилеринде техникалык коопсуздук талаптары аткарылып жатканы белгилүү болгон. Жумушчуларды кран менен көтөрүүгө тыюу салынгандыктан ал үчүн атайын көп кабаттуу үйлөргө чыгаруучу жабдыктар, белгиленген жерде орнотулган. Курулуштардын сапатын, нормаларын, коопсуздугун камсыздоо максатында Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүлөр уланат.

Эске сала кетсек, акыркы 2 жыл ичинде курулуштардагы коопсуздук талаптарын камсыздоо боюнча активдүү иштердин негизинде натыйжалуу жылыштар байкалууда. Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбековдун буйругунун негизинде курулуштарда коопсуздукка көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!