Жаш жигит Ерке Есмахандын колун сурады (фото)

20-Окт. 2017, Жума, 10:52

“Алматыда жок-жок, Актөбеде жок” деп обон созуп сүйүктүүсүн издеп таппаган Казакстандын таанымал ырчысы Ерке Есмаханды жаш жигит Астанага өзү издеп келди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, 20 жаштагы Шу шаарынын тургуну нике шакегин алып жергиликтүү телеканалдын “Түз эфирине” келген.

Эфир учурунда 20 жаштагы Руслан аттуу жигит Еркеге сезимин билдирип, гүл белек кылган жана тизелеп отуруп колун сураган.

“Сиздин “Кайдасың” ырыңызды укканда жүрөгүмдө сезим уялайт. Ал жигит Алматыда да жок, Астанада да жок. Мына, Шудан келди”,-деди жигит Еркеге.

Мындайды күтпөгөн ырчы өзүнө сымбаттуу, ары жаш көрүнгөн жигит колун сураганына таң калган. Ерке Есмахан эфир учурунда толкунданып, көзүнөн жаш алды.

“Эфирге келгени жакшы болуптур. Антпесе, сыртта жүрүп сунуш кылса жаш жигиттин башын айландырып алыптыр дешмек. Мындай сезимин билдирген жигиттер көп. Бирок күн сайын эч ким шакек салганга батына албайт. Өзүм толкунданып отурам”,-деди көзүнөн жаш алган Ерке.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!