Памирлик кыргыздарга жергиликтүү маданият тааныштырылат

20-Окт. 2017, Жума, 11:25

Ата-бабалардын салтын улай өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Нарын облустук бириктирилген ооруканасында учурда медициналык кароодон өтүп жаткан памирлик кыргыздарга учурашып барды. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл Аманбай Кайыпов жамааты менен биргеликте 19-октябрда, жаш баладан баштап үй-бүлө башчыларына чейин ак калпак кийгизишти. Кыз-келиндерине жоолук салышып, кыргыз элинин "башын куттуктоо" жөрөлгөсүн аткарышты.

Облус башчы боордоштор ашуу ашып, бел басып алыс жолдон Кыргызстанга аман-эсен келип алышкандарына кыргыз эли кубанып жатканын билдирди. Жакынкы убакта жергиликтүү маданият менен жакындан тааныштыруу иштери жүргүзүлөөрүн айтты. Ошондой эле унутта калып бара жаткан каада-салттарды бек карманган памирликтер, салттуу кийимдери, бири-бирине мамилелери аркылуу улуттук баалуулуктарды эске саларынан үмүттөндү.

Памирликтердин атынан Абдырасул уулу Абдыкапар сөз сүйлөп, ден-соолуктарына кам көрүп, балдарынын билим алуусуна бардык шарттарды түзүп жатканы үчүн өкмөткө, жергиликтүү бийликке ыраазычылыгын билдирди.

Медициналык кызматкерлердин айтымында текшерүүлөр уланууда.

Дарыгерлрдин билдиргендерине караганда бийик тоолуу шартта, деңиз деңгээлинен 4000-5000 метр бийиктикте жашап келгендиги үчүн памирликтерде жүрөк, кан-тамыр оорулары көп кездешет. Бирок, жугуштуу илдеттер жок. Аялдардын ден-соолуктары текшерилип жатканын айткан медайым 38 жаштагы памирлик кош бойлуу келин жыл аягына чейин көз жараарын баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!