Жер-жемиштерге өзгөчө ат койгон соодагер (фото)

20-Окт. 2017, Жума, 12:08

Ордо калаабыздагы Ош базарында эмне деген гана окуялар болбойт. Соодагерлерден айырмаланып жер-жемиштерге өзгөчө аттарды ыйгарган сатуучу учурда соцтармакта кызуу талкууда.

"Фейсфук" тармагынын колдонуучусу Кубанычбек Баялиев өзүнүн жеке баракчасына соодагердин жер-жемиштерге өзгөчө аталыштагы сөздөрдү жазганын сүрөткө тартып, өздүк баракчасына төмөнкүдөй пикир жазган.

“Ош базар десе эле жагымсыз же терс окуялар эске түшөт. Бүгүн базарлап жүрүп жагымдуу окуяга туш болдум. Бул сүрөттөгү байке кардарлардын жүздөрүнө жылмайуу тартуулоо максатында сатып жаткан жер-жемиштерине ар кандай аталыштарды жазып коюптур. Өз ишине берилүү менен мамиле кылып, келген кардарларды өзүнө оңой тартат экен. Мыкты деңгээлде тейлеп, ыраазычылыгын билдирип узатып койду. Биз дагы бул байкенин туруктуу кардарына айландык”,-деп жазат Кубанычбек Баялиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!