Кекилик аткан жаранга соттук териштирүү иши башталды

20-Окт. 2017, Жума, 16:56

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кочкор, Жумгал райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейд учурунда 3 даана кекилик жана коен аткандыгы аныкталды.

"Мыйзамсыз браконьерликти алдын-алуу, жоюу максатында жүргүзүлгөн рейд учурунда, Кочкор районунун Чалай жайлоосунда “Гольф 2” унаасынын ичинде Чуй облусунун тургуну А.Х аттуу жаран 2 даана коен 3 даана кекилик жана 12-калибриндеги сайсыз мылтыгы менен кармалган. Аталган жарандын мергенчилик кылгандыгы такталып, тийиштүү айып-доолору менен акты, протоколдор толтурулду",-деп айтылат маалыматта.

Учурда тийиштүү материалдар чогултулуп, мыйзамсыз мергенчилик кылган жарандын үстүнөн соттук териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!