Москвадагы орус студенттерге өкмөт башчынын белеги тапшырылды

21-Окт. 2017, Ишемби, 11:45

Бүгүн, 20-октябрда, КРнын РФдагы Элчилигинде М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин Азия Африка өлкөлөрү институнда «Чыгыш таануу жана африканистика» адистигинде билим алган студенттерге өкмөт башчы Сапар Исаковдун белеги тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз тилин биринчи чет тил катары жогорку дегээлде үйрөнүп, кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, кыргыз элинин байыркы тарыхы, каада-салты менен тереңден таанышып, кыргыз тилинде улуттук сыймыгыбыз болгон улуу акын Алыкул Осмоновдун ырларын таптак, кырааты менен айтып берген студенттер Сгибнева П.В., Кашаф К.Ш. жана Барикзай Л.Х. КРнын Премьер-министри С.Исаковдун атынан баалуу белектер менен сыйланышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!