​Ордо калаанын көчөлөрүнө көчөт отургузулду

21-Окт. 2017, Ишемби, 12:25

Бүгүн, 21-октябрда ордо калаадагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн бир катар көчөлөргө көчөт отургузулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана шаар тургундары Медерев, Токтоналиев, Ала-Арча суусунун жээгине, Масалиев, Суеркулов, Каралаев, Юнусалиев көчөлөрүнө 60дан ашуун көчөттүн түрүн отургузушту.

«Көчөт отургузуу ушуну менен токтоп калбайт. Жакынкы күндөрү Киев көчөсүнө 149 көчөт, Панфиловго 80 даана, Логвиненкого 68 даана, дегеле Бишкек шаары боюнча 3855 даана көчөт отургузулат»,-деп айтылат маалыматта.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!