​Боом капчыгайында жол кырсыктан жабыркагандар бар

21-Окт. 2017, Ишемби, 12:25

Боом капчыгайында эки унаа кагылышып, жабыркагандар бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-октябрь күнү саат 06:05 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 103-чакырымда эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталган. Анда “Volkswagen Passat” жана жүк ташуучу “Mercedes Benz” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен улам жеңил унаанын 3 жүргүнчүсү, оор жүк ташуучу унаанын 2 жүргүнчүсү жабыркаган.

“Окуя болгон жерде ӨКМнин куткаруучулары унаанын ичине кыпчылып калган жарандарды чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кемин райондук ооруканасына жеткирилген”,- деп айтылат маалыматта.

Фото: Sputnik Кыргызстан

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!