​Бишкек-Торугарт жолунда жүк ташуучу унаалар кагылышты

21-Окт. 2017, Ишемби, 13:47

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки жүк ташуучу унаа кагышып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин районунда 20-октябрь күнү саат 11:16да аталган жолдун 86,5-чакырымында Жаңы-Алыш айылында цемент ташыган “Хово” менен “КамАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаалары кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен “Хово” автоунаасынын жүргүнчүсү ар кандай жаракаттары менен Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.

“Окуя болгон жерде ӨКМнин №5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөттүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,- деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, кырсыкка кабылган “Хово” унаасынын 21 жаштагы С.Э аттуу айдоочусу (Ысык-Ата району Нурманбет айылынын жашоочусу) жана анын жүргүнчүсү 44 жаштагы Ш.О.К. (Чым-Коргон айылынын тургуну) болгон. КамАЗдын айдоочусу 42 жаштагы К.С. Казакстандын Шымкент облусунун тургуну болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!