​Абай Калыев: “Ырчылыкты таштап, мигрант да болдум”

21-Окт. 2017, Ишемби, 16:26

Каарманым Абай Калыев кичинесинен аккордеон менен жакын достошуп, атагым алыска кетсе деп тилек кылып келет. Бул аспапта тек гана ырдап койбостон өзүнүн обондорун жаратып, тырмак алды эмгектерин элге тартуулайм деп турган убагы. Ырчы чыгармачылыгы тууралуу "Zaman.kg" маалымат агенттигине маек куруп берди.

- Абай, чыгармачылыгыңыздагы жаңылыктарыңыз менен тең бөлүшсөңүз?

- Негизи чыгармачылык деле асырап карабаса куту кача турган дөөлөт сыяктуу экен. Ага атайын убакыт бөлүп, колдон келишинче аракет кылсаң анан өз майнабын берет окшойт. Андыктан учурда мен ушул жаатта катуу киришип, белсенип иш кылайын деп жатам. Акындар менен тыгыз иштешип, жакшы жазылган ырларына обон жазып, жаңыча изденүүнүн үстүндөмүн. Анан дагы кубанычтуу жаңылыгым, жакынкы күндөрү жаңы ырым жарык көрдү. Нуркыз Рыскул кызынын сөзүнө таандык "Бир гана апам мени чанып кетпейт" деген ырга обон жазып, иштеп чыктым. Жаңы гана даяр болгон эмгегимди кудай буюрса жакынкы күндөрдөн баштап элиме тартуулайм. Азыр гезит, радио, телелер менен тыгыз кызматташып, элге эмгегимди тартуулайын деп жатам.

- Атактуу болуу негизги максатыңызбы?

- Элге таанымал болуштун жолун тапса болот экен. Бирок атактуу болуу оңой эмес экенин сезип, туйдум. Атактуу болуу негизги максатым. Чыныгы эмгегим менен атактуу болгум келет. Элдин алкышына татыган инсан болсом деп тилеп келем. Жөн гана кара пиар менен же мактоо менен атактуу болуунун аягы кандай болооорун баарыбыз билебиз го. Атактуу болгондо да эл сүйө турган, талантыңды баалай турган, башкаларга үлгү боло алгыдай аты чыккан инсан болууну тилеп, максат кылып келем.


- Чыгармачылыкты таштап, басып кетүү тууралуу ой келди беле?

- Чыгармачылыгымды таштап кетүү тууралу ойлор көп келди. Негизги кесибим боюнча музыка мугалимимин. Ырчылыкты таштагым келип, Россияда эл катары мигрант болуп иштеп келдим. Чыгармачылык менен иштөө аябай оор жана чыдамкайлыкты талап кылат экен. А бирок көөдөндө болгон нерсе козгоп туруп алды. Жеке оюмду айтсам, чыныгы чыгармачылык бул - адам менен кошо келген кесип эмес, өнөр экен. Азыр чын дилден берилип, киришип, иштеп жатам.

- Жазылган ырга обон жаратуу жеңилби же обон жазып анан текстке буйрутма берген оңойбу?

- Эгерде жазылган ыр маанилүү, таасирдүү болсо жазылган ырга обон жазуу обончулар үчүн жеңилирээк болот. Мисалы мага көп кайрыктар келет. Ошол учурда сөз таппай калам. Кээде акындын жакшы жазган ырлары да обонго туура келбей калат. Дегеним, ырдын муундары туура келбей калат. Келип калган жаңы обонго кээде өзүм сөз жазганга туура келет. Бирок өзүм сөзүн жазган ырды ырдоо мага ыңгайсыздыкты алып келет. Себеби мен акындардай маанилүү жаза албайм. Ошондуктан акындарга кайрылам. Алардын жакшы жазылган ырларынан карайм.

- Сүйүп көрсөңүз керек?

- Албетте сүйүп көргөм. Айрыкча азыркы учурда сүйүү оорусу менен ооруп жүрөм. Сүйгөнгө не жетсин, аппак, тунук сүйүүнү баарыбызга насип этсин...

- Сиздин оюңузча чыныгы сүйүү кандай болушу керек?

- Чыныгы сүйүү кандай болоорун үй-бүлөлүүлөр жакшы билишет экен угушума караганда. Азыр мен бойдокмун да, чыныгы сүйүү менимче ийгилик, бакыт алып келээринде шек жок. Эгер эки адам бири-бирин чындап сүйсө тоскоолдуктарды сөзсүз жеңип чыгат болсо керек.

- Жашооңузду, жан дүйнөңүздү кооздогон нерсе эмне же ким?

- Жашоомду кооздогон нерселерге ойлогон оюмду, кыялымды, максаттарымды өз убагында ишке ашыруу. Мен андан эбегейсиз ырахат алам. Айланамда жүргөн жакшы адамдар менен жакшы мамиледе болуу жашоомдун кооздугу десем да болот. А жан дүйнөмдүн негизгиси кооздугу бул - сүйүү. Кудайга болгон сүйүү, апама, атама, бир туугандарыма болгон сүйүү. Анын ичинде сүйгөн кызыма болгон чексиз сүйүүм да бар. Досторума жана жаратылышка болгон сүйүү дегендей. Жан дүйнөмдү кооздоп тургандар мына ушулар.

- Кыздарга кат жазып калсаңыз керек. Алгачкы катты кимге жазгансыз? Кантип кат ээсине жеткиргенсиз?

- Кыздарга кат деле жазган эмесмин. Мектепте окуп жүргөн окуучулук күндөрүмдө сабакты гана окучумун. Кыздарга кат жазбай эле эки колумду чөнтөгүмө салып орто мектепти аяктаган экемин. Бирок мага ашык болуп жүргөн кыздар көп болгон экен. Кийин досторумдан билип калдым аны. (күлүп) Студенттик күндөрүмдө социалдык тармактар аркылуу кат жиберүү болгон. Алардын ар бирин айтпай эле коёюн.

- Чыгармачылык жолдун башаты, аккордеон менен достошкон алгачкы күнүңүз эсиңиздеби?

- Чыгармачылык жолумдун алгачкы башаты мындан алты жыл мурда 2011- жылы башталган. Анда студент элем. Университетте эң алдынкы окуган мыкты студенттердин катарын толуктап дегендей. 2011-жылы көптөгөн конкурстун жеңүүчүсү болгом. Алардын бирин айта кетейин. Р. Абдыкадыровдун ырларын ырдоо боюнча конкурстун үчүнчү турунда 1-орунду алгам. Мына ушундай ийгиликтер мени алга сүрөдү жана чыгармачылыгымдын башаты болду. Аккордеон менен 2009 - жылы 1-сентябрда таанышкам. Кийин ысык мамиледе болуп кеттик (күлүп).

- Өзүңүзгө жакпаган сапат?

- Өзүмө баа берип, териштирип көрбөптүрмүн. Ушул суроодон улам эми өзүмдүн жакпаган сапаттарымды анализдейм. Жакшы же жакшы эмес сапаттарымды ар дайым жанымда жүргөн адамдар билет го. Ошолордон да сурап көрөт окшойм.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!